Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Temirov Live’дын журналисти Актилек Капаров белгисиз адам үйүнүн жанына изолента менен оролгон кичинекей баштык таштап кеткенин билдирди. Капаров кимдир бирөөлөр баштыкты «атайын ыргытып кетишкен» деп эсептейт.

Сүрөт: Актилек Капаровдун Фейсбук барагы.

Капаровдун айтымында, окуя 29-май күнү түшкө жуук болгон. Бейтааныш кишини журналисттин атасы байкап калган.

«Дубалдын жанынан изолента менен оролгон баштык таап алдым. Ичинде белгисиз зат бар. Күндүз атам чалып, бейтааныш бала бир нерсе кылып жатканын айткан. Сыртка чыгып эмне кылып жатканын сураганда, “Ачкыч жоготуп алдып, издеп атам” деп жооп берген экен. Анан тигил жактан унаа келгенде, сакалчан бала унаага отуруп, ачкычты тапканын айтып кетип калган», — деп Капаров окуянын чоо-жайын айтып берди.

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров Актилек Капаров милицияга кайрылганын билдирди. Анын айтымында, ыкчам кызматтын өкүлдөрү эмне зат экенин аныктоо үчүн баштыкты алып кетишкен.

Темировдун кармалышы жана ага козголгон кылмыш иштери

2022-жылдын 22-январында милиция Temirov Live’дын редакциясына бастырып кирип, негиздөөчү Болот Темировду кармаган. Алар журналисттен баңгизат табылды дешкен. Ал эми журналист өзү жана тинтүүгө күбө болгон кесиптештери түйүнчөккө салынган гашишти Темировдун арткы чөнтөгүнө укук коргоо органдары салып коюшканын айтышкан.

Кармалгандан кийин Темиров наркологияга жеткирилген, заарасынан алынган анализден баңгизат табылган эмес. Эртеси күнү Темиров эч жакка кетпөө тилкаттын негизинде бошотулган.

Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо. Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) иликтөөчү журналист Болот Темировго тагылган айыптарды алууну талап кылышкан.

Уюмдагылар аталган кылмыш иштерин «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп эсептешет.

Temirov Live’дын иликтөөсү

Temirov Live’дын журналисттери укук коргоо органдары кеңсени жана кызматкерлерди кантип тинтүүгө алышканы тууралуу иликтөө жарыялашкан.

Оперативдик тасмадан кеңседеги кармоо спецназдын бири тепкичте турганда эле ШИИББдин кызматкерлерине «кечирээк кир» деген буйругу менен башталганын көрүүгө болот. Журналисттердин айтымында, буйрук [Болот Темировдун] кармалышын тарта турган милиционерге берилген.

Иликтөөдө милиционерлер спецназдын аракетин тарпай калганы айтылат. Анткени ал убакта укук коргоо органынын кызматкерлери эшикти ача албагандай түр көрсөтүшүп, кеңсенин ичине журналисттер жерге жаткырылгандан кийин гана кирип барышкан.

Журналисттер милиция кызматкерлери видео тартпаган маалда спецназчы Темировдун арткы чөнтөгүнө «баңгизат сала койгон» деп божомолдошкон. Temirov Live аны шаардык милициянын оперативдик тасмага тарткан кызматкерине буйрук берген спецназчы жасаганын белгилешкен.

Тема боюнча:

Temirov Live тинтүү учурунда кадрларды жарыялады. Темировдун чөнтөгүнө баңгизатты ким салган?