Таласта беш турак үйдүн короосун сел каптады

22-июнда Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, сел суулары Таштанаалы көчөсүндөгү 5 турак үйдүн короолорун каптап, ал эми бир үйдүн жана намазкананын ичине суу толгон.

«Селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Талас райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана 16 куткаруучу тартылды. Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу сордуруу иштерин жүргүзүштү», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандар боюнча маалыматты тактаган жок.

Буга чейин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 18-июнда жүргөн селден улам өзгөчө абал режими киргизилген. ӨКМдин маалыматына ылайык, шаар ичиндеги 24 үйдү сел каптаган. Андан тышкары 17 социалдык объект авариялык абалда. Анда селдин кесепетин жоюу үчүн 100 куткаруучу тартылган.

20-июнда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун Алай районунун Октябрь айылында сел жүргөн. Министрликтин маалыматына ылайык, Гүлчө — Октябрь жолунун 9-чакырымында жер кыртышынын эрозиясынан улам, унаа жолу жарактан чыгып, электр мамыларынын кулап калуу коркунучу жаралган.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунда дагы сел жүргөн. ӨКМдин маалыматына ылайык, Гуруч участкасында дамбанын жээги жарылып, алдын ала маалыматтар боюнча, сел агымы 55 үйдүн, эки мектептин жана оорукананын короосун каптаган.

Мындан тышкары, Сузак – Кара-Дарыя унаа жолун тосууга туура келген. Бирок тазалоо иштеринен кийин жол кайра ачылган.

Материалдын автору: Айдана Сулпуева.