Жолдон өтүп бараткан унаанын айнегин тээп сындырган жөө жүргүнчү изделүүдө

Милиция жолдо өтүп бараткан унаанын маңдайкы айнегин тээп сындырган жигитти издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуянын видеосу социалдык түйүндөргө тарады. Облустук милициянын маалыматына ылайык, окуя 23-июнь күнү катталган, бул факты маалыматтарды каттоо журналына түштү.

Милициядан окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн видеодогу жигит изделип жатканын кошумчалашты.