Кыяндан улам Бишкек – Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду

Катуу жааган жамгырдан улам темир жолду кыян каптап, 25-июнда Бишкек — Балыкчы каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам «Жел-Арык» темир жол тилкесинин 10 метрдей жерине кум, шагыл толуп калган. Ошондой эле темир жолдогу жалпы 35 метрдей жерди кыян каптап калган.

Мындан улам Балыкчы шаарынан Бишкекти көздөй келе жаткан поезд кайра артка жөнөтүлгөн.

Ишкананын басма сөз кызматы жол толук тазаланып бүтө элек экенин белгилеп, ӨКМдин адистери иштеп жатканын кошумчалады.

Үстүбүстөгү жылы 11-майдан 18-майга чейин Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Жумгал районунун Арал айылынан, Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки тилкеси убактылуу жабылган. Ага сел жүрүп, таш түшүү коркунучу жаралганы себеп болгон.

Тема боюнча:

11-майдан тартып Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу убактылуу жабылат