11-майдан тартып Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу убактылуу жабылат

Түндүк Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Жумгал районунун Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки тилкеси убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, аталган унаа жолунун 195–291-чакырым аралыгында сел жүрүп, таш түшүү коркунучу жаралган. Мындан улам жолду 11-майдан 18-майга чейин жабуу чечими кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-майдан тарта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын көп болорун эскертти.

Ушул жылдын февраль айында Түндүк Түштүк алтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад — Казарман тилкесинде кар көчкү түшүп, үч кишини жана жолду тазалоочу техникаларын басып калган.

Дайынсыз болгон кишилер «Чайна Роуд энд Бридж» жалданма компаниясынын кызматкерлери — экөө кытай, бирөө кыргыз жараны болгон. Алар тоннелден Казарманды карай кеткен жолду тазалап жатышканда кар көчкү басып калган. Алардын сөөгү эки жумадан кийин табылган.