23-майдан тарта Бишкек — Нарын — Торугарт автожолу убактылуу жабылат

23-майдан тарта Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 129-чакырымы убактылуу жабылат. Бул тууралуу 22-майда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 23-майдан 27-майга чейин аталган унаа жолундагы Боом капчыгайда кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан улам эртеңден баштап, саат 09:00дөн 15:00гө чейин жолдун бир тарабы жабылат.

Эгер топтолгон машинелердин саны 30-40ка жетсе, таш кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат.

Үстүбүстөгү жылдын 11-майдан 18-майга чейин Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Жумгал районунун Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки тилкеси убактылуу жабылган.

Транспорт министрлинин маалыматы боюнча, аталган унаа жолунун 195–291-чакырым аралыгында сел жүрүп, таш түшүү коркунучу жаралган.