Евразия өнүктүрүү банкы Саламаттык сактоо министрлигине 3 млн доллар грант бөлөт

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине грант катары 3 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Ал бул каражаттын 1 млн сому сантранспорт сатып алууга, жалпы 70 унаа сатып алууга жумшалат. Касымбековдун маалыматына ылайык, ар бир автоунаанын баасы 14 275 доллар.

Министрдин милдетин аткаруучу калган акчага ар бири 50 миң доллар турган 40 реанимобиль сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.

«Мисал үчүн, Бишкек шаары Фрунзе деп аталып, 500-600 миң жашоочу жашаган кезде, 60 бригада [бар деп] айтылчу. Азыр эми күнүгө чыкканы 45-50 бригададан ашпайт. Адамдын саны болсо үч эсе көбөйүп кетти», — деди ал.

Касымбеков реанимобилдерге Бишкек гана эмес, Кыргызстандын дагы башка калкынын саны жыш болгон шаарлары муктаж экенин белгиледи.

Майда минкаб Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унаасын сатып алуу үчүн 169 млн 347 миң сом бөлгөнү белгилүү болгон.

Документке ылайык, унаалар «Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде жол кыймыл эрежелерин бузган айып пулдан түшкөн акчага сатылып алынат.

Жол кыймыл эрежелерин бузуулардан түшүп жаткан айып пулдардын бир бөлүгүн тез жардам кызматын өнүктүрүүгө жумшоону пландаштырып жатканы 2019-жылдын башында эле айтылган.

Өлкөдө бригадалар, дарыгерлер, тез жардам унаалары жана станциялары жөтишсиз.