Минкаб Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унаасын алууга 169 млн сом берет

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унаасын сатып алуу үчүн 169 млн 347 миң сом бөлөт. Тийиштүү токтомго минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, унаалар «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуудан чогулган айып пулдарга сатып алынат.

«Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана минкабдын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлөт», — деп айтылат документте.

Бийлик тез жардам унааларын жол эрежесин бузуудан түшкөн айып пулдун эсебинен сатып алуу планын 2019-жылдын башында эле айткан.

Өлкөдө дарыгерлерлердин бригадасы, тез жардам унаалары жана станциялар жетишсиз. Тез жардам кызматында эскилиги жеткен унаалар иштейт. 2009-жылы изилдөө жүргүзүлүп, тез жардам кызматында иштеген кызматкерлер сурамжылоо жооп беришкен. Анда өлкө аймактарында өткөн кылымдын 80-жылдарындагы техникалар көп экени айтылган. Бул болсо алыскы тоо жергесинде кыймылды оорлотуп, кыйынчылыктарды жаратат.

Кыргызстанда тез жардам унаалардын жетишсиздиги бир нече жылдан бери байкалып келет. Айрыкча бул 2020-жылдын июнь-июль айларында, коронавирус пандемиясы күчөп жатканда сезилген.

Тема боюнча: Саламаттык сактоо министрлиги 167 млн сомго 43 тез жардам унаасын алууга тендер жарыялады

Тез жардам унааларын сатып алууда мамлекетке 18 млн сом зыян келтирилген