Кыргызстандан Казакстанга 30 тоннага жакын кумшекер алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргызстандан Казакстанга 30 тоннага жакын кумшекер чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтан, 25-июнда «Чоң-Капка-авто жол» көзөмөл өткөрмө пунктунда казакстандык киши башкарган КамАЗ токтотулганын маалымдашты. Айдоочу унаада жер семирткич бар деген коштомо документтерди көрсөткөн.

«Унааны кароо учурунда чек арачылар 30 таннага жакын кумшекер табышкан. Шекерди селитра жүктөлүп, эки катар тизилген каптар менен жашырып коюшкан», — деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ведомстводон айдоочу жана аткез жүк тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилгенин белгилешти.

Кумшекерди экспорттоого чектөө

2022-жылдын апрель айынын аягында биринчи керектөөдөгү товарлардын таңкыстыгына жол бербөө максатында контрчаралар киргизилген.

Минкабдан токтом өлкөдөн кумшекерди массалык түрдө чыгарып кетүүнү токтотуу, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана базардагы бааны кармап туруу максатында кабыл алынганын түшүндүрүшкөн.


Майдын аягында минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев соода түйүндөрдө канттын тартыштыгы жаралып, баасы өсүп кеткендиктен «Кайынды-Кант» ишканасына барган. Анда минкабдан заводдо чийки зат менен камсыздоого байланышкан маселелерден улам өндүрүш бир нече күнгө токтоп калганын белгилеген. Бирок Кыргызстанга чийки кант камышын жеткирүү башталган.