Баткенге Иса Ахунбаев атындагы медакадемиянын окуу жана дарылоо комплекси курулат

Баткен шаарына Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу жана дарылоо комплекси курулат. 28-июнда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында имараттын пайдубалына капсула салды.

Маалыматка ылайык, долбоордун болжолдуу баасы 603,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Ал эми жатакананын курулушуна инвесторлор 93 миллион сом бөлгөн. Алдыда 100 миллион сомго аппараттарды алуу пландалды.

Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, УЗИ, МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болот. Аны менен катар, 200 орундуу жыйындар залы, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы курулат. Комплек ачылса 90 адис жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө.

«Облустарыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет. Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары, Баткен облусунан баштап олтурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты келечекте жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо болуп саналат», — деп түшүндүрдү президент.

Жапаров капсула салгандан кийин тургундар менен аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулады.

Өлкө башчысы Баткен облусуна «мамлекет өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, мындан ары да көнүл бурарын» айтты.

Министрлер кабинети Баткен облусунда мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген маданият борборлору менен спорттук объектилер мындан ары республикалык бюджеттен каржыланарын билдирген. Мындай чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашырууга багытталганы белгиленген.

Баткен облусуна берилген жеңилдиктер

«Баткен облусунун статусу тууралуу» мыйзам долбоору өткөн жылы июль айында Жогорку Кеңештин депутаттарытарабынан үч окууда колдоо тапкан. 2021-жылдын 10-сентябрында президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилип, 62 айылда киреше салыгы 15%га чейин төмөндөтүлүп, пайда жана сатуудан алынуучу салыктардан бошотулган.

Министрлер кабинетинин 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу сунушу колдоо тапкан.

Ошондой эле, тизмедеги айылдарга электр энергиясын 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине — дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүлөрү кабарланган.

Тема боюнча:

Баткен: Маданий жана спорттук объектилер эми мамлекеттик бюджеттен каржыланат