Баткен: Маданий жана спорттук объектилер эми мамлекеттик бюджеттен каржыланат

Баткен шаары. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / kloop

Баткен облусунда мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген маданият борборлору менен спорттук объектилер эми республикалык бюджеттен каржыланат. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, бул чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашырууга багытталган.

Объектилерди каржылоого Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жооптуу болот.

«Баткен облусунун статусу тууралуу» мыйзам долбоору өткөн жылы июль айында Жогорку Кеңештин депутаттарытарабынан үч окууда колдоо тапкан. 2021-жылдын 10-сентябрында президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилип, 62 айылда киреше салыгы 15%га чейин төмөндөтүлүп, пайда жана сатуудан алынуучу салыктардан бошотулган.

Министрлер кабинетинин 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу сунушу колдоо тапкан.

Ошондой эле, тизмедеги айылдарга электр энергиясын 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине — дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүлөрү кабарланган.

Ал эми президент облус башчысына аталган сунуштарды 2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашырууну тапшырган болчу. Кийинчерээк облус башчысы «өзгөчө» макам берилген айылдардын тизмесин жарыялаган.

Дагы окуңуз:

Баткен облусунун башчысы «өзгөчө» макам берилген айылдардын тизмесин жарыялады