Жорж Оруэллдин «1984» романы кыргыз тилине которулду

Англиялык жазуучу Жорж Оруэллдин «1984» антиутопиялык романы кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу китепти басып чыгарган «Китепстан» басмаканасынан билдиришти.

Басмаканадан романды Адамата Алишер уулу которгонун, чыгарма китеп дүкөндөрүндө сатыла баштаганын белгилешти.

«1984» — Жорж Оруэллдин эң таанымал чыгармасы. Роман антиутопия жанрындагы эң негизги чыгармалардын бири болуп эсептелет. Чыгармада баарын жана ар бирин партия көзөмөлдөгөн тоталитардык өлкө тууралуу баяндалат. Партия өз идеологиясын сиңирип, пропаганда менен алектенип, тарыхты өзгөртүп жазып, жадагалса адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө аракет кылат.

Жорж Оруэлл — жазуучу, журналист жана публицист Эрик Артур Блэрдин адабияттагы каймана аты.