«Күзгүгө карангыла». Балбак Түлөбаев Бишкектеги мектептердин директорлоруна жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Тулөбаев борбор калаанын мектеп директорлоруна Фейсбук аркылуу жооп берди. Буга чейин алар депутаттын мектеп директорлорун кылмыш жасоого айыптаган жалган маалымат таратканы үчүн үч жылга эркинен ажыратууну сунуштаган. Андан тышкары, Түлөбаевге 1 млрд сом айып салып, түшкөн каражатты Бишкекке 20дан ашык жаңы мектеп курууга жумшоону суранышкан.

Түлөбаев борбор калаадагы мектеп директорлорун кайрылып, «өздөрүн күзгүдөн кароону» сунуштады жана билим берүү мекемесин жеке менчигиндей пайдаланат деп айыптады.

«Баары эмес, көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат машине, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү квартираларды кайдан алдыңар. Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо самсыкана салып алдыңар. Канча ата эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт», — деп жазды ал.

Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп турганда «маселени чечүүгө убакыт жетпей калганына» өкүндү.

«Баарыңардын үй мүлкүнөрду текшертиш керек. Бардык ата энелерге кайрылам, коркпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда», — деди ал.

Борбор калаадагы мектептердин директорлорунун кайрылуусун 28-июнда Жалпы билим берүүчү мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлорунун ассоциациясы жарыялаган. Ассоциациядан мектеп директорлору спикер Талант Мамытовго Түлөбаевдин «суу кечпеген сөздөрү жана жалган айыптоолорунун» үстүнөн арызданышканын билдиришкен.

Ассоциациянын катында белгиленгендей, 17-майдагы «Билим берүү жана улуттук коопсуздук» боюнча тегерек столдо Түлөбаев Бишкектеги мектеп директорлорунун чөнтөгүнө жылына 20 млн долларга жакын каражат пара катарында түшүп жатат билдирген. Башкача айтканда, ар бир баланы мектепке киргизгени үчүн 500 доллардан алары айтылган.

«Түлөбаев мектеп директорлорун ири өлчөмдөгү коррупцияга, акча опузалоого айыптады. Эмне үчүн ал тийиштүү арыздарды жана материалдарды укук коргоо органдарына жиберген эмес? Өз убагында ал Бишкектин мэри эмес беле! Анын сөздөрүнө ишенүүгө негиз жок. Болбосо, анын аракеттери оор кылмышты жаап-жашыруу катары бааланышы мүмкүн», — деп жазышкан борбор калааныны мектеп директорлору өзүнүн арызында.