Салык кызматы: ККМ колдонбогону үчүн 200дөн ашык ишкерге айып салынды

Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» аттуу лотерея башталгандан бери «Салык чек» мобилдик колдонмосу аркылуу катышуучулардан 4 миңден ашуун даттануу келип түшкөнүн билдирди.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, көпчүлүк даттануулар кассалык чек бербеген учурларга, кассалык көзөмөл аппараттарынын жоктугуна (ККМ), ошондой эле колдонмонун ишине байланыштуу болгон.

«Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 3 миң 927 даттануу каралды. 212 субъектке ККМ колдонбогону жана чек бербегени үчүн административдик айып салынды. Ал эми даттануулардын калган бөлүгү кассалык чек бербеген субъекттин дарегин же аталышын көрсөтпөгөндүгүнө, ошондой эле темадан тышкары кайрылууларга байланыштуу каралган жок», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Салык кызматынын маалыматына таянсак, лотерея ойнотууга 58,6 миңден ашуун адам катышып жатат. Алар 3 млрд сомдон ашык кассалык чектерди сканерден өткөрүшкөн. Катышуучуларга оюнга катыша турган 2,9 млн электрондук лотереялык билеттер (ID номер) ыйгарылган.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» колдонмосун жүктөп алып, каттоодон өтүш керек. Андан кийин эки шартты аткаруу зарыл:

  • ар бир товар же кызмат сатып алууда ККМ чек талап кылуу;
  • кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерлөө.

Чогулган каражат

Система лотереяга катышуу үчүн сканерленген кассалык чектерден чогулган сумманы автоматтык түрдө уникалдуу номерге алмаштырат. 1 000 сомго бир уникалдуу ID номер берилет.

Биринчи оюн 2022-жылдын 1-июлунда Ала-Тоо аянтында өтөт. Анда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар түрдүү тиричилик техникасы жана баалуу белектер ойнотулат.

Салык кызматында лотерея ККМди жайылтуу жана кыргызстандыктарды чек талап кылууга үндөө максатында уюштурулганын белгилешти.

Материалдын автору: Жаркынай Женалиева.