Судья Temirov Live командасына Болот Темиров кармалганда алынган техниканы кайтарып берди

28-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча кезектеги отурум өттү.

Отурумда судья 2022-жылдын январында Temirov Live командасынын кеңсесин тинтүү учурунда алынган техникалык жабдууларды Темировго кайтарып берүүнү чечти. Судья алынган техника далил зат катары өтпөгөнүн билдирди.

Ошентип, судья жабдууларды Бишкек ШИИББдин кампасына камакка алуу чечими мыйзамсыз болгону тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.

Сот отурумунда күбөлөрдүн бири, журналист Болот Темиров кармалган учурда видеого тарткан кызматкер — тескөөчү-криминалист, милициянын майору Аваз Асанакунов сурака алынды. Асанакунов журналистти кармоо учурунда тинтүү кандайча жүргөнүн айтып берди.

Анын айтымында, 2022-жылы 22-январда нөөмөткө туруу үчүн келген, ал эми кечки саат беште ага тергөөчү Аман Асанакунов келип, кармоого бара турган эки эксперт керек экенин айткан.

«Мен Асанакунов менен чогуу бардым. Бизди спецназ отурган транспортко салышты. Камераларды күйгүзгүлө деп айтышты, анан жүгүрдүк — спецназдын жоокерлери анан тергөөчү экөөбүз. Жумабеков көчөсүнө бурулсак бир киши [Болот Темиров] жана түйүнчөк жерде жаткан болчу. Мен анын баарын тартып алгам кийин түйүнчөккө мөөр басышты», — деп айтып берди күбө.

Андан соң аларды маршруткага отургузуп, Temirov Live’дын кеңсесине алып кетишкенин айтып берди. Күбөнүн айтымында, даректи аларга Болот Назаров айткан.

«Спецназ жана ыкчам кызматкерлер алдыга чуркап кетишти, биз артынан [бардык]. Алдыбыздагы эшик кокустан жабылып калды. Күбөлөр жана камера менен сыртта калып калдык. Бир аздан соң кирдик. [Бөлмөгө] киргенде бир нече кызматкерлер жерде жатыптыр. Бирден тинтүү жүргүзө баштадык. Мен тартып жаттым», — деди Асанакунов.

Күбө Болот Темиров алгач алдыңкы чөнтөгүндөгү буюмдарды алып чыкканын, арткы чөнтөгүнөн чыккан түйүнчөктү меники эмес деп айтканын белгилейт.

Адвокаттар тинтүүнүн алдында тергөөчү имаратта тинтүү жүрөт деп жарыялашы керек болчу деп айтып чыкты. Асанакунов болуп жаткан окуянын видеого гана тартканын, тергөөчү кимге эмне деп кулактандыруу бергени эсинде жок экенин айтты.

Болот Темировдун адвокаты видеого тартылып алынган материалдардын көчүрмөсү аларга берилиши керектигин, бирок беришпегенин айтты. Асанакунов анын милдетине болгону видеого тартуу гана кирерин айтты.

«Видеобайкоочу камералар бузук экен, тарткылгандын баары өчүп калган», — деп белгиледи адвокат.

Ошондой эле адвокат спецназ дал ошол каалгага кирүү керек экенин кайдан билерине кызыкты. Күбө бул боюнча маалыматы жок экенин кайталады.

Ошондой эле, Асанакунов тинтүү учурун үзбөй тартканын, плёнканы алмаштыруу үчүн кээде гана токтотконун айтты. Анын айтымында, кеңсенин кызматкерлери да видеого тартышкан. Бирок, атайын даярдыктагы аскерлер кеңсеге кирген учурду эч ким тартпаганын белгиледи.

Адвокаттын спецназ менен журналисттер алгач жолуккан учур тартылдыбы деген суроосуна Асанакунов «жок» деп жооп берди.

Бир эле күбөнү суроого эки саат убакыт кетти. Убакыт жетишсиз болгондуктан калган күбөлөр суралбай калды, сот отуруму 30-июнга жылды.