Акылбек Жапаров депутаттарды эс алууга кетердин алдында чайга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров каникулдун башталышынын урматына депутаттарды 30-июнга чайга чакырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 29-июндагы отурумунда жарыялады.

Жапаров бул маселе боюнча Талант Мамытов менен акылдашканын айтты.

«Кечинде болсо Талант Турдумаматович менен акылдаштык эле, кап этпесеңиздер, дасторкон үстүндө бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, сиздерди жакшы каникулдарды өткөрүп келүүгө, өзүңүздөрдүн шайлоочулар менен жолугуп келип, бизге дагы бир топ тапшырмаларды ала келиңиздер деп жөнөтүп коюуга уруксат этиңиздер. Кечинде саат 20:00дө күтөбүз», — деди минкабдын төрагасы.

Бирок иш-чара кайсы жерде өтөрүн айткан жок.

Былтыр депутаттар сессия бүткөндөн кийин каникулга кетерде Rixos Hall ресторанына чогулуп майрамдашкан.