Ош: Ак-Буура дарыясынын жээгинен 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Ак-Буура дарыясы

Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында Ак-Буура дарыясынын жээгинен 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу 29-июнда Ош ШИИБден билдиришти.

Милициядан кыз ич кийимчен болгонун, денесинде гематомалар, сыйрылган жарааттар бар экенин айтышты.

Маалыматка караганда, маркум Баткен районунун тургуну, ОшМУнун медициналык коллежинин 2-курсунун студенти. Сөөгү да дарыянын аталган окуу жайга жакын жеринен табылган.

Учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. ШИИБден иликтөө иштери бир нече версия боюнча жүрүп жатканын белгилешип, кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убадалашты.