Ысык-Көлдөгү «Радуга» пансионатындагы массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатындагы жергиликтүү тургундар менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда чыккан массалык мушташтан кийин «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин ОИИБден 18 киши кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин билдиришкен.

«Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган, алар 3 эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын 8 кызматкери. Кечээ тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы М.Э. Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мушташтын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Пансионаттагы массалык мушташ 29-июнда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, пансионаттын короосуна кирген жергиликтүү тургундар менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан.

«Бул окуяда эч кандай пансионатка же көл жээгине кирүү боюнча маселе жок. Коноктор спирт ичимдигин ичип алып коопсуздук кызматкеринин тартипке чакыруусуна баш ийбей, калайман мушташка айланып кеткен» — деп билдиришкен ОИИБден.

Кыргызстанда учурда туристтик сезон. Буга чейин президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундары пляж аймактарына акысыз кирүүсүнө уруксат берген буйрукка кол койгон. Президенттин басма сөз кызматынан мындай чечим жергиликтүү тургундардын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынганын билдиришкен.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.