Жети-Өгүздө 10-класстын беш окуучусу директордун орун басарын сабоого шектелип кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында мектеп директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарын 19-июнда сабап кетишкен.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, кылмышка 10-класстын окуучулары шектелип кармалды.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук ооруканасынын дарыгери милицияга денесине оор жаракат алган киши тез жардам менен бейтапканага жеткирилгенин кабарлаган.

Жерине барган милициянын ыкчам-тергөө тобуна 25 жаштагы жабырлануучу аны сабап кеткен окуучуларга чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган.

Окуя Жети-Өгүз райондук милициясына каттоого алынып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Жабырлануучу райондук бейтапкананын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери шектүү катары Саруу айылындагы мектептин 17 жаштагы беш окуучусун кармады. Учурда алар сурак берип жатат.

Окуучу менен мугалимдердин чыры

Кыргызстанда мугалимдер менен окуучулардын ортосунда жаңжалдар байма-бай чыгып турат. Акыркы жолу мындай окуя 23-майда Сузак районунда болгон. Анда мугалим окуучуну сабаганы белгилүү болгон.

Окуянын видеосу соцалдык тармактарга тарап кеткен. Андан кийин милиция менен Билим берүү министрлиги териштирүү иштерин баштаган.

Ал боюнча билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев да пикирин билдирген. Ал мугалимдин аракети туура эмес болгонун, бирок балдардын тарбиясында дагы маселе бар экенин айткан. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да оюн айтып, мугалим менен окуучунун ортосундагы чатакты баланы мектептен чыгаруу аркылуу чечсе болорун билдирген.

Окуядан кийин Жогорку Кеңештин үч депутаты Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, мугалимди кемсинткен окуучунун өзүнө жана алардын ата-энелерине айып пул салууну сунушташкан. Бул мыйзам долбоорду парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында биринчи окууда жакытырылып, кабыл алынган.

Демилгечилер документ «педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында» иштелип чыкканын белгилешкен.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан «педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, атүгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө гана эмес, кепилденген педагогикалык кызматкерлердин коомдогу өзгөчө укуктук статусунун ылдыйлашына алып келет» деп айтылган.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.

Тема боюнча:

Парламентте мугалимди «сыйлабаган» окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу сунушталды