Кыргызстанга инсулин алып келинди

Кыргызстанга Протафан жана Актрапид инсулининин гуманитардык партиясы келди. Бул маалыматты «Клоопко» саламаттык сактоо министрлигин башкы экдокринологу Наталья Добрынина тастыктады.

Добрынина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жөнөткөн инсулин бүгүн түнү келип түшкөнүн айтты.

«Инсулиндер кампада. Кечке чейин аймактарга жөнөтүлө баштайт жана жакын арада бардык облусттук пунктарга жеткирилет. Азыр партия анчалык чоң эмес, бирок июлда дагы жаңы партияларды күтүп жатабыз. Ошондуктан мындан ары чоң үзгүлтүк болбойт деп ойлойбуз», — деди ал.

Добрынина азырынча өлкөгө аралаш инсулиндер келе элек экенин кошумчалады.

Кант диабети менен ооругандар өлкөдө инсулин жетишсиздигине датанып келишкен. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги инсулин июнь айынан тартып алып келине баштайт деп билдирген.

Кыргызстанда инсулиндин таңкыстыгы пайда болушу мүмкүн экени апрель айынын аягында эле айтыла баштаган. Анда депутат Дастан Бекешев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдон дарыканалар менен сүйлөшүп, кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин алып келүүнү суранган.

«Инсулин сатып алууда “кант диабети жөнүндөгү” мыйзамды аткаруу керек, анда мамлекеттик резервде инсулиндин алты айлык запасы болушу керек. Тилекке каршы мыйзамдын бул нормасы аткарылбайт. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигине жарым жылдык запасты кармап туруу тапшырмасын берүүңүздү өтүнөм» , — деген ал.

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-январына карата кант диабети менен ооруган 62 878 бейтап катталган. Алардын ичинен биринчи типтегилердин саны 2499 адамды түзөт. Ооругандардын саны жылдан жылга өсүп жатат.

Тема боюнча: Аары эне. Ишкер айым Бишкекте диабет менен ооруган балдар үчүн биринчи бала бакча ачты