Сузактагы эки жашар кыздын өлүмү: Жогорку сот өгөй атасын 15 жылга кести

Жогорку сот Сузактагы эки жашар кыздын өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Кыздын 36 жаштагы өгөй атасы, Сузак районунун жашоочусу Туратали Үсөнов 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Уюмдан эки жашар кыз 2019-жылдын март айында өлтүрүлгөнүн айтып беришти. Анда экспертиза баланын денесинен ур-токмоктун белгилерин тапкан. Райондук сот ошол эле жылдын ноябрында, кыздын энесин — Тахминаны 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Кийин, 2020-жылдын январь айында соттун чечими аялдын кош бойлуу экенине байланыштуу — наристе 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган.

Уюмдун маалыматына ылайык, аялдын туугандары кыздын өгөй атасы Тахминаны алдап, күнөөнү мойнуна алууга мажбурлаган деп айтып чыгышкан.

«Ал кош бойлуу аялды көп жылга кеспейт, кийин унаамды сатып абактан чыгарып алам деп ишендирген. Ал эми сотто анын нес абалынан пайдаланып, күнөөнү оодарган», — деп билдиришкен юристтер.

Анда прокуратура кыздын өлүмүнө өгөй атасынын тиешеси бар болушу мүмкүн деп аппеляциялык арыз менен кайрылган.

Сузак райондук соту ишти кайрадан карап, 2021-жылдын 12-ноябрында Туратали Үсөновду этиятсыздыктан адам өлтүрүү беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жарым жылга эркинен ажыраткан.

Прокуратура коюлган айыптар менен макул болбой, аппеляцияга берген. Натыйжада Жалал-Абад облустук соту 2022-жылдын 9-мартында кыздын өгөй атасын «Байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен он жылга эркинен ажыраткан.

Анда айыптоочу тарап Жогорку сотко кайрылып, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Жогорку сот 29-июнда кыздын өгөй атасын «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жыл күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести.