Украинадагы согушта орус армиясына кызмат өтөп жаткан Адилет Алиев каза болду

Украинадагы согушта Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Адилет Алиев каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Алиев Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

Биздин санагыбыз боюнча, Алиев Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн, ошол өлкөнүн жарандыгын алган бешинчи кыргыз тектүү жоокер. Буга Эгемберди Дорбоев, Исломжон Камилов, Рустам Зарифулин жана Сыргакбек Өзүбеков аттуу кишилер каза болушкан. Ошондой эле «Азаттык» Украинада орус аскерлери тарапта согушкан Кыргызстандын эки жараны Руслан Полотов менен Аманбек Курбанбаев каза болгонун жазган.

Азыркы тапта Орусия Украина менен согушуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында орус аскерлери коңшу өлкөгө бастырып кирген. Ошол эле кезде, орус бийлиги бул согушту Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатын көздөгөн «атайын операция» деп атап келет.

БУУнун 27-июнга карата маалыматына ылайык, 24-февралдан бери Украинадагы согушта 4 731 жай тургун каза болгон. Дагы 5 900 киши жаракат алган. Ошол эле кезде, уюм каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт. Украина бийлиги да ушундай эле пикирди карманууда.

Кыргызстан Орусия менен Украина согушунда расмий бейтарап позицияны карманууда.