Башпрокуратура: «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун зыян келтирген

Кара-Кече көмүр кени.

Башкы прокуратура «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилиги мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органы ишканада жүргүзгөн текшерүүдөн соң белгилүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан эки ишкана менен Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонн көмүр жеткирүү үчүн атайын бекитилгенден эки эсе жогору баада келишим түзгөнү аныкталганы белгиленди.

Маалыматта «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги кызмат абалынан кыянат пайдаланып, эки ЖЧК менен 200 миң тонна көмүрдү Балыкчы шаарына жеткирүү тууралуу келишим түзгөнү айтылат. Анда көмүрдүн баасы мыйзамсыз эки эсе кымбат көрсөтүлгөн.

Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 127 миллион 185 миң сом зыян келтирилген.

Бишкек шаардык прокуратурасы бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: Жасалма документ колдонуп мал-жардык экспорттогон коррупциялык схема аныкталды