Казакпаев менен кошо кармалган Марат Токтоучиков эки жарым жылга кесилди

Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиков мамлекеттик чыккынчылык үчүн 2 жыл 6 айга кесилди. Өкүмдү 27-июнда Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Токтоучиков жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жаза өтөйт.

Токтоучиков Кыргызстандагы казактар ассоциациясын 2018-жылга чейин жетектеген. 2010-жылы Жашылдар партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

Марат Токтоучиков 2021-жылдын апрелинде саясат таануучу Марат Казакпаев менен бирге мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иштин чоо-жайын ачыктаган эмес.

Саясат талдоочу Марат Казакпаевге карата иш анын өлүмүнө байланыштуу 30-июнда токтотулган.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо УКМКнын ТИЗОсунан Шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган.

Казакпаев каза болгондон кийин УКМКдан ал «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Казакбаевдин өлүмүнө бийликтин эч кандай тиешеси жок деп билдирген. Ал саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.