Садыр Жапаров: Бир күн, бир саат да кечиктирбей тышкы карызды төлөйбүз

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан тышкы карызды өз убагында төлөп бүтөт деп билдирди.

Буга чейин минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров эгерде Кыргызстан Кытайга болгон карызынан кутулбаса, өлкөнүн стратегиялык үч объектисин башкаруу укугунан ажырай турганын билдирген. Анын айтымында, бул Бишкек ЖЭБи, «Түндүк — Түштүк» альтернативдик жолу дана «Датка-Кемин» электр өткөрүү линиялары.

Президенттин айтымында, жарандар бул тууралуу камсанабай эле койсо болот, анткени буга мамлекеттин күчү жетет.

«Эң негизгиси [өлкөдө] тынчтык эле болуп турса, баардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз. Ал эми Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайы колдобой, каршы чыгып жатышпайбы», — деп белгиледи президент.

Ошондой эле мамлекет башчы тышкы карыз 1,2 млн долларга өстү деген маалыматты «жалган» деп атап, кыргызстандыктарды Финансы министрлигинин гана маалыматтарына таянууга чакырды.

«Мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жарымы кредит, жарымы грант катары алынган суммалар бар. Бирок карыздын суммасы 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок. Кандай болгон күндө дагы тышкы карыздарыбызды ар жылы өз убагында толук жаап, кутулабыз. Буга мамлекетибиздин күчү жетет. Эч камсанабаңыздар. Киреше булактарыбыз пайда боло баштады. Алдыда дагы пайда болот», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Жапаров ошондой эле акча өзүн-өзү актай турган, киреше бере турган, пайдасын эки-үч эселеп алып келе турган тармактарга жумшаларын баса белгиледи.

Аны менен катар, 30-июнда, Жогорку Кеңештин акыркы жыйынында, депутаттар жайкы каникулга кетердин алдында, Жапаров өлкөнүн тышкы карызы тууралуу үн каткан. Анда ал, мамлекет жакынкы он жылдыкта мамлекеттик карызды төлөп бере албаса, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралат деген.

«Өзгөчө сырткы карызды төлөө убактысы менин учурума туш келди. Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сомдук карызды жабабыз. Ушинтип алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарды төлөйбүз. Төлөй албасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз», — деген ал анда.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 28-февралына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 5 млрд 119,15 млн долларды түзөт. Бул сумманын 817,31 млн долларын ички карыз, ал эми 4 млрд 301,84 млн долларын тышкы карыз түзөт.