Казино ачууга каршы митингдин катышуучусу мамлекеттик кызматка дайындалды

Казино мыйзамына каршы митингге чыккан активист Акжолтой Тукунов Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жазды.

Тукуновдун айтымында, аны кызматка дайындоо тууралуу буйрук 30-июнда чыккан.

«4-июлда өзүмдүн иш бөлмөмө келип, ишти баштадым. Биздин “Таш-Чекинг” долбоору ар дайым керектөөчүлөрдүн укугун коргоп жаткандыктан, менин дагы жаңы дайындалган жумушум ошол тармакта болот», — деди ал.

Тукунов 2020-жылдын Октябрь окуяларынан соң Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп бир нече ай иштеген. Анда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, бийликти кулаткан.

Акжолтой Тукунов коомчулукка активист катары белгилүү. Ал буга чейин кумаркана ачууга жол ачкан мыйзамга каршы бир нече жолу митингге чыккан. Ошондой эле, активист Фейсбук аркылуу коомдогу ар кандай маселелер боюнча пикирин билдирип келген.

41 жаштагы Акжолтой Тукунов Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал 2004-жылы Бишкектеги Финансы жана экономика техникумун аяктап, кийин Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Тукунов 2004-жылдан 2006-жылга чейин «Ринком Астана» ЖЧКда менеджер-экспедитор болуп иштеп баштаган. 2006-2008-жылдары ошол эле жерде директорунун орун басары кызматын аркалаган. Ал 2008-2010-жылдары «Азия сети» ишканасынын башкы директору болуп иштеген.

2012-жылдан 2014- жылга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын абоненттик кызматынын инспектору, 2014-2017-жылдары Акыйкатчы институтунун коомдук жардамчысы болгон.

Ал 2016-жылы «Балыкчы Ак-Жол ынтымагы» коомдук бирикмесин түптөгөн.

Тукунов «Реформа» партиясы менен парламенттик шайлоого дагы катышкан. Ошол эле жылы кайра президенттик шайлоого дагы талапкерлигин койгон.

Акжолтой Тукунов 2021-жылы кайрадан № 36 Ысык-Көл шайлоо округунан парламенттик шайлоого катышып, бирок 2512 добуш алган.