ӨКМ: Бишкектеги «Дордой» базарында өрт чыкты

Бишкекте «Дордой» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, тез татым жана кийим-кече саткан күркөлөр жайгашкан кабаттуу контейнер күйүп кетти. Өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт.

Кырсык болгон жерге жети өрт өчүрүү унаасы жана 60 куткаруучу барды.

ӨКМден билдиришкендей, саат 11:32 чамасында өрт чектөөгө алынды. Окуя болгон жерге тез жардам кызматынан да келишти. Ошентсе да, мекеме жабырлануучулар тууралуу маалымат тараткан жок.

Ал эми Kaktus.Media басылмасы өрттөн улам иске ууланган бир аял бар экенин жазды.

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева.