Өкмөт эки аэропорт түрк компаниясына берилсе жылдык кирешесин эки эсе көбөйтүүнү убадалады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош жана Бишкек эл аралык аэропортун тышкы башкарууга чет элдик компанияга берүү менен бир жылдык кирешесин эки эсеге көбөйтсө болорун билдирди. Ал стратегиялык эки объектини YDA INŞAAT түрк компаниясына өткөрүп берүү боюнча талкуулардан улам ушундай билдирүү жасады.

Аэропортторду тышкы башкарууга берүү

Минкаб Бишкек жана Ош аэропортун түркиялык компанияга 39 жылга тышкы башкарууга берүүнү пландап жатканы тууралуу 29-июнда белгилүү болгон.

Анда Жогорку Кеңештин жыйынында Акылбек Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу долбоорду ишке ашырып, аэропортту модернизация кылуу пландалып жатканын айткан.

Анын айтымында, түркиялык YDA INŞAAT компаниясы эки жылда 450-501 млн доллар тартып, учуп-конуучу тилке, жаңы аэровокзал жана жүк терминалын курууну убадалаган. Жапаров Кыргызстан аэропортторду 50/50 системасы менен башкарууну сунуштаганын, сүйлөшүүлөр аягына чыга элек экенин билдирген.

Минкабдын аэропортторду чет элдик компанияга тышкы башкарууга берүү планы парламентте жана коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Депутат Жанар Акаевдин пикиринде, Бишкек жана Оштун аэропортун чет өлкөлүк белгисиз компанияга берүү Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбейт. Акаев бул маселе боюнча ачык конкурс жарыялоо керектигин белгилеген.

Жапаровдун түшүндүрмөсү

Бирок Акылбек Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде кыргызстандыктарды долбоор өлкөгө «чоң пайда» алып келет деп ишендирген.

«Мисалы, бүгүнкү күндө аэропортубузга күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштайт. Эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси салынат. Туманга карабастан, учактар конуп-уча беришет. Азыркы учуп-конуу тилкебизге кичине эле туман болсо учак коно албайт. Алматыга барып конуп жатышат. Мындан сырткары, жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүктөр биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат», — деп айткан ал.

Жапаров аэропортко 100% ээлик кылган учурда Кыргызстан жылына 4 млрд сом киреше көрөрүн айткан. Бирок, 50% ээлик кылгандан кийин эки жылдан кийин киреше 8 млдр сомго өсөрүн белгилеген.

«Эки аэропортубуз тең — “Манас” менен “Ош” хаб болуп иштей баштайт. Учактардын учуп-конуусу көбөйөт. Эмне үчүн эки жылдан кийин десеңер, биз “эки жылда бүтүрүп, ишке киргизесиңер” деген талапты инвесторлордун алдына коюп жатабыз. “Эгер эки жылда бүтпөсөңөр анда келишимди жокко чыгарып, андан ары өзүбүз улап кетебиз. Салган акчаңар күйүп кетет, кайтарбайбыз” деген келишим түзөлү деп жатабыз», — деп айтты минкаб төрагасы.

Жапаров ошондой эле минкаб алгач 29 жылдык келишимге кол коюуга ниеттенгенин, бирок түрк компаниясы «жетишээрлик киреше алуу» үчүн 39 жылга узартууну сунуштаганын белгилеген.

«Кайсы инвестор кайсы тармакка инвестиция салбасын, эки-үч эселеп пайда көрүп кетүүнү самайт. Бардык эле инвесторлор ошондой. Ошол үчүн азыр биз дагы 29 жылга келишим түзсөк, алар салган инвестицияларынын үстүнө канча пайыз пайда табышарын санап, эсептеп жатабыз. Эгер бул мөөнөттө, алар айткандай, чын эле пайда таба албай калышса, анда мөөнөтүн дагы кичине узартканга макул болобуз», — деген минкабдын төрагасы.

YDA INŞAAT компаниясы тууралуу

YDA INŞAAT компаниясы Түркияда 1993-жылы негизделген. Ишкана курулуш, аэропортторду башкаруу, өндүрүштүк объектилерди, жолдорду жана көпүрөлөрдү салуу менен алектенет.

«Азаттык» басылмасы компания Түркия, Казакстан, Орусия, Сауд Арабиясы, Ооганстан жана Ирак сыяктуу өлкөлөрдө долбоорлорду ишке ашырганын жазды. Долбоорлордун арасында оорукана жана жолдорду куруу долбоорлору да бар.

Temirov Live’дын журналисттеринин маалыматына ылайык, күнүнө беш авиакаттам жасаган Казакстандагы Түркистан аэропортун башкарат. Ошондой эле YDA INŞAAT күнүнө 70 самолёт учкан Түркиянын Даламан шаарындагы аэропртторду башкарат.