Ысык-Көл: Жол кырсыгынан эки адам каза болду, бирөө 7 жаштагы өспүрүм

4-июлда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан 7 жаштагы бала менен 69 жаштагы киши каза болду. Дагы 12 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка ылайык, 4-июль күнү кечки саат 19:30 чамасында Honda Odyssey менен Toyota Estima үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Жерине барган куткаруучулар маркумдардын сөөгүн унаадан чыгарым милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ушул жылдын 19-июнь күнү Кара-Суу районунун Лангар айылында жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапкан. Анда Ford Focus унаасынын айдоочусу менен Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы кагышкан.

Автокырсыктан жараат алган төрт бейтап Кара-Суу райондук ооруканасына өтө оор абалда жеткирилген. Эки бейтап кайра жандандыруу, ал эми калган экөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Тема боюнча:

Ош шаарындагы жол кырсыгынан эки киши жабыркады

Ош — Эркечтам жолунда жол кырсыгынан эки адам каза болуп, төрт өспүрүм ооруканага түштү