Ош шаарындагы жол кырсыгынан эки киши жабыркады

Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн «Достук» жатаканасынын алдында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 21-июнь күнү саат 20:15 чамасында болгон. Анда Volkswagen Crafter жүк ташыган унаасынын айдоочусу Абдыкадыров көчөсү менен күн батыш багытын көздөй баратып, Ленин көчөсүнө келгенде жол чырактын жанып-өчкөн белгисине карабастан катуу ылдамдыкта айдап келип, Subaru Legasy үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Эки автоунаанын айдоочулары денелеринен ар кандай жараат алышкан. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мекемеден билдиришикендей, айдоочулар олуттуу жараат албагандыктан ооруканага жеткирилген эмес.

Ушул жылдын 19-июнь күнү Кара-Суу районунун Лангар айылында жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапкан. Анда Ford Focus унаасынын айдоочусу менен Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы кагышкан.

Автокырсыктан жараат алган төрт бейтап Кара-Суу райондук ооруканасына өтө оор абалда жеткирилген. Эки бейтап кайра жандандыруу, ал эми калган экөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.