Сузакта тургундар топурак карьерин казууну токтотууну талап кылып митингге чыгышты

Сүрөт: Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы топурак карьери/Азаттык

6-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 100гө жакын тургуну айылдагы топурак карьерин казууну токтотууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышты.

Чогулгандар карьерден казылган топуракты ташып жаткан "КамАЗдардын» жолун тосуп алды. Алар менен казуучу компаниянын ээси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту.

Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Майсалбек Өмүрзаков «Азаттыкка» маек куруп, акциядан соң казуу иштери токтотулганын айтып берди. Анын айтымында, топрак карьери көп жылдан бери талаш болуп келет.

«Ишкер бул жерди жер ээлеринин макулдугу менен алып, топурагын казып жатканын айтууда. Ал 2017-жылы лицензия алган. Карьер боюнча бир топ жылдан бери талаш жүрүүдө. Ишкер документтерин толук бүтүргөн эмес. Эми бардык документтерин бизге алып келгенге чейин ишин токтотуп турабыз», — деп билдирди ал.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, тургундар буга чейин жер тилкелерин жеке ишкерге топурагын алып, тегиздеп берүү келишими менен беришкен. Бирок алар келишимдин мөөнөтүн белгилешкен эмес. Ал эми ишкер убадалагандай тургундардын жер тилкелерин тегиздеп берген эмес.

Азаттык карьерди казган ишкер Бактыяр Шерматов экенин, буга чейин шаардык кеңештин депутаты болгонун жазды. Шерматов 2020-жылы парламенттик шайлоодо Матраимовдор кланына тиешелүү деп айтылган «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.