«Азаттыктын» жетекчиси Айзада Касмалиева милицияга сурак берди

«Азаттык» басылмасынын жетекчиси Айзада Касмалиева 5-июлда Бишкектин Ленин райондук милициясында күбө катары сурак берип чыкты. Сурак 2,5 саттка созулган.

«Азаттык» калаа милициясынын катын жарыялады. Анда оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков мамлекеттин тышкы карызы тууралуу билдирүүсүндө айрым ЖМКнын, анын ичинде «Азаттыктын» маалыматтарын булак катары көрсөткөнү айтылат.

«Ленин райондук милициясынын улук тергөөчүсү Тилек Мамытов суракта “Азаттыктын” сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берип, андагы маалыматтын булактарына кызыкты. Мындан тышкары "Азаттыктын” сайтына чыккан бир нече макаладагы маалымат боюнча түшүндүрмө сураган расмий өтүнүч берилди. Ошол эле учурда тергөөчү сурак кайсы бир иштин алкагында эмес, маалымат алуу максатында гана уюштурулганын билдирди», — деп жазды басылма.

Сүрөт «Азаттык».

1-июлда кечке жуук экс-депутат Равшан Жээнбеков кармалып, Бишкектин Ленин РИИБде сурак берген. Буга саясатчынын бийлик үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын тышкы карызын 1,3 млрд долларга көбөйткөнү турат деген Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болгон.

Аталган маалыматты кийинчерек Финансы министрлиги четке кагып, ал «түп отунан туура эместигин», «коомчулулукту адаштырарын» белгилеген.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 28-февралына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 5 млрд 119,15 млн долларды түзөт. Бул сумманын 817,31 млн долларын ички карыз, ал эми 4 млрд 301,84 млн долларын тышкы карыз түзөт.

Президент Садыр Жапаров интервьюларынын биринде тышкы карызды төлөө боюнча мөөнөттүн жогорку чеги анын бийликте турган учуруна туш келерин, эгер Кыргызстан карызын төлөп кутулбаса, өлкөнүн «көз карандысыздыгы коркунучта каларын» билдирген.