«Клооптун» редактору милицияга суракка чакыртылды

«Клооптун» редактору Ислам Розиев Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында суракка чакыртылды. Сурак 7-июль саат 15:00гө белгилеген.

РИИБдин оперкызматкери сурак оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун өлкөнүн тышкы карызы боюнча айткан билдирүүсүнө байланыштуу экенин билдирди. Анын айтымында, саясатчы аталган билдирүүсүндө айрым ЖМКнын, анын ичинде «Клоопто» чыккан маалыматтарга таянган.

Милиционер сөз «Баткен жана Ысык-Көлдү таза суу менен камсыздоого эл аралык уюм 100 млн доллар берет» деген материал туралуу болуп жатканын айткан.

Суракка чакыруу кагазы. Сүрөт: Kloop.

Буга чейин 5-июлда «Азаттык» басылмасынын жетекчиси Айзада Касмалиева дагы Бишкектин Ленин райондук милициясында күбө катары сурак берген. Сурак 2,5 саатка созулган.

«Тергөөчү Тилек Мамытов суракта “Азаттыктын” сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берип, андагы маалыматтын булактарына кызыкты. Мындан тышкары "Азаттыктын” сайтына чыккан бир нече макаладагы маалымат боюнча түшүндүрмө сураган расмий өтүнүч берилди. Ошол эле учурда тергөөчү сурак кайсы бир иштин алкагында эмес, маалымат алуу максатында гана уюштурулганын билдирди», — деп жазган басылма.

Жээнбековдун билдирүүсү

1-июлда кечке жуук экс-депутат Равшан Жээнбеков кармалып, Бишкектин Ленин РИИБде сурак берген. Буга саясатчынын бийлик үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын тышкы карызын 1,3 млрд долларга көбөйткөнү турат деген Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болгон.

Аталган маалыматты кийинчерек Финансы министрлиги четке кагып, ал «түп отунан туура эместигин», «коомчулулукту адаштырарын» белгилеген.

Президент Садыр Жапаров интервьюларынын биринде тышкы карызды төлөө боюнча мөөнөттүн жогорку чеги анын бийликте турган учуруна туш келерин, эгер Кыргызстан карызын төлөп кутулбаса, өлкөнүн «көз карандысыздыгы коркунучта каларын» билдирген.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 28-февралына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 5 млрд 119,15 млн долларды түзөт. Бул сумманын 817,31 млн долларын ички карыз, ал эми 4 млрд 301,84 млн долларын тышкы карыз түзөт.