16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды камактан бошоткон судья отставкага кетти

Жогорку соттун басма сөз кызматынан Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков отставкага кеткенин кабарлашты. Буга Батырбеков 16 жаштагы кыздын зордукталышына айыпталган эки шектүүнү эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына бошоткону себеп болгон.

Свердлов райондук сотунун судьясы мындай чечим кабыл алганы 8-июлда бегилүү болду. Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы жеке барагында Батырбеков баштапкы отурумунда жашы жете элек кызды мыкаачылык менен зордуктаган шектүүлөрдү эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотуп салганын билдирген.

«Кыз алган жарааттарынан улам каза болуп кала жаздаган», — деген ал.

Жогорку соттон судьянын чуу жараткан чечими «көңүл сыртында калбаганын» белгилешти.

«[Жогорку соттун] төрагасы [Замирбек Базарбеков] иштин толук чоо-жайын тактап, судьянын аракетинде өспүрүм кыздын укуктарын тебелөө болгонун көрүп, олуттуу реакция жасалды. Бүгүн [8-июлда] Батырбеков Кыргызстандын Судьялар кеңешине өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын берди. Судья анын аракетинен кынтыксыздыгына күмөн жаралып, сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкен», — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттон «Клооптун» журналистине Батырбековдун жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого айыпталгандарга карата чыгарган чечими эгер сотко өтүнмө түшсө кайра караларын айтышты.