40 кыргызстандыкты Украина аркылуу Молдовага мыйзамсыз алып өткөн киши кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча туруктуу каналдын ишине бөгөт коюлганын билдирди. Мекемден кыргызстандыктарды Европа жана АКШга ишке орноштурууну убадалап, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украина аркылуу Молдовага алып өткөн киши кармалганын маалымдашты.

Шектүү.

Маалыматка ылайык, 36 жаштагы шектүү «Грин Лайт Компани» аттуу компаниянын негиздөөчүсү. Басма сөз кызматтан аталган компаниянын чет өлкөгө жумушка орноштурууга уруксаты болгон эмес деп баса белгилешти.

«Ал чет элдик жарандар менен келишим түзүп, 40ка жакын кыргызстандыкты Молдовада 5 айдан ашык кармаган. Круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ жана Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган. Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары кыргызстандыктарга иш козгоп, андан соң депортациялаган», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 31 кылмыш иши козголуп, жалпы 20 миллион сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын белгилешти. Ал эми иш сотко өткөрүлгөн.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Грин Лайт Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү жана жетекчиси катары Нурпери Алымкожоева көрсөтүлгөн. Компания 2021-жылдын 15-апрелинде каттоодон өткөн.

Буга чейин «Грин Лайт Компани» компаниясы аркылуу чет өлкөгө жумушка орношобуз деп алданганын айткан бир нече киши «Азаттык» үналгасына маек курган. Алардын айтымында, виза алып берүүнү убадалаган аялга миңдеген доллар жана евро беришкен.