Ош жана Бишкек аэропорттору түрк компаниясына тышкы башкарууга берилбей турган болду

Министрлер кабинети Ош жана Бишкектин эл аралык аэропортторун Түркиянын YDA INŞAAT компаниясына тышкы башкарууга берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал түрк компаниясы менен келишимде «Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбаганын» белгиледи. Ошол эле учурда Жапаров бийлик башка инвесторлор менен иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

«Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат», — деп белгиледи минкабдын башчысы.

Аэропортторду өткөрүп берүү демилгеси жана ага карата сын

Министрлер кабинети Ош жана Бишкектин эл аралык аэропортторун Түркиянын YDA INŞAAT компаниясына 39 жылга тышкы башкарууга өткөрүп берүү ниетин билдирген.

Акылбек Жапаров парламенттин 29-июндагы жыйынында долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырып, аэропортторду модернизациялоо пландалып жатканын билдирген.

Анын айтымында, түркиялык YDA INŞAAT компаниясы эки жылда 450-501 млн доллар тартып, учуп-конуучу тилке, жаңы аэровокзал жана жүк терминалын курууну убадалаган.

Минкабдын аэропортторду чет элдик компанияга тышкы башкарууга берүү планы парламентте жана коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Депутат Жанар Акаевдин пикиринде, Бишкек жана Оштун аэропортун чет өлкөлүк белгисиз компанияга берүү Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбейт. Акаев бул маселе боюнча ачык конкурс жарыялоо керектигин белгилеген.

4-июлда «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде кыргызстандыктарды долбоор өлкөгө «чоң пайда» алып келет деп ишендирген.

«Мисалы, бүгүнкү күндө аэропортубузга күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштайт. Эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси салынат. Туманга карабастан, учактар конуп-уча беришет. Азыркы учуп-конуу тилкебизге кичине эле туман болсо учак коно албайт. Алматыга барып конуп жатышат. Мындан сырткары, жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүктөр биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат», — деп айткан ал.

5-июлда депутат Жанар Акаев YDA INŞAAT компаниясы аэропорттордун өздөрүн күрөөгө коюп, банктан кредит алып, 557 млн доллар инвестиция кылууну көздөп жатканын айткан