Курман айт майрамы. Садыр Жапаров элди сабырдуулукка жана тынчтыкка чакырды

Президент Садыр Жапаров 9-июлда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Ал Курман айт баалуулуктарды даңазалаган мусулмандардын башкы майрамы экенин белгилеп, элди сабырдуулукка жана тынчтыкка чакырды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

«Калкыбыздын калың катмары кубана турган майрам катары Курман айт коомчулукта тең салмактуулукту жаратып, боордоштук, бир туугандык сезимдерди өркүндөтүп, өрчүтөт. Дегеле курмандык чалуу адам баласын ашкере сараңдыктан жана дүнүйө-мүлкүн көбөйтүүнүн артынан сая түшүү жосунунан куткарат. Ошону менен бирге жаман адаттардан арылууга да чоң өбөлгө түзөт», — деди президент.

Ошондой эле Жапаров кыргызстандыктарды биримдикке, кайрымдуулукка жана мейман дос мамиледе болууга үндөдү.

«Бул ыйык күндө тилеген тилектерибиз кабыл болуп, ар бир үйгө бакубат турмуш, элибизге ыйман-ырыскы алып келсин. Ал эми өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тартууласын», — деген тилегин билдирди өлкө башчысы.

Кыргызстандын бардык облустарында айт намазы окулду. Бишкекте айт намазы эски аянтта өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган аткаминерлер катышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл катары менен Бишкектеги эски аянтта курман айт намазы окулган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 2-майында короновируска каршы чектөөлөр алынгандан кийин аянтта орозо айт намазы окулган. Ага 50 миңдей адам келген. Курман айт Орозо айт майрамынан 70 күн өткөндөн кийин курмандык чалып белгилөөчү майрам.