Бозгун президент Бакиев тактан кулатылышынын артында Орусия турушу мүмкүн деп эсептейт

Бозгун президент Курманбек Бакиев «Жаңы-Ордо» гезитине маек куруп, 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштүн артында Орусия турушу мүмкүн деген пикирин билдирди.

Журналист суроо берип жатып дипломат Бакыт Бешимовдун «Бакиевдин бийлигин жөнөкөй эл менен Владимир Путин кулаткан!» деп айткан сөзүн кайталаган. Ошондой эле, ал айрым кыргызстандыктар 2010-жылдагы төңкөрүштүн артында Орусия турат деген пикирде экенин белгилеген.

Ал эми Бакиев журналисттин суроосуна бул маалымат «чындыкка жакын» деп жооп берген.

Бакиевдин тактан кулатылышы

Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабында ошол кездеги президент Аскар Акаев тактан кулатылган соң бийликке келген.

Бакиев башкарып турган мезгил саясий негизде адам өлтүрүү, баласы Максимдин рейдерлик жоругу, авторитаризм, журналисттерди коркутуу жана өлтүрүүлөр менен белгилүү.

2010-жылдын 7-апрелинде 87 киши каза болгон элдик революциянын жыйынтыгында Бакиев тактан кулатылган. Анын ордуна бийликке Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт келген. Бакиев болсо үй-бүлөсү менен Белорусияга качып, жарандык алган. Азыркыга чейин ал ошол жакта жашайт.

2016-жылы сот бозгун президент Курманбек Бакиевди апрель ыңкылабы боюнча сыртынан 30 жылга эркинен ажыратып, издөө жарыялаган. Иниси Жаныш Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, уулу Максим мүлкүн кофискациялоо менен сыртынан 25 жылга кесилген.