Бишкектен Москвага автобустар жүрө баштады

Кыргызстанда Бишкек – Москва – Бишкек автобус каттамы жүрө баштады. «Клоопко» бул тууралуу жүргүнчү ташуучу «РосТрансАзия» кыргызстандык компаниясы билдирди.

Компаниянын маалыматына ылайык, Бишкектен Москвага жол кире 7 500 сом турат, бир тарапка айдоо убакты 2,5 - 3 сутканы түзөт.

Компания жүргүнчүлөрдүн жүгү килограмм эмес, сумка менен эсептелерин тактады. Бир жүктүн баасы 750 сомду түзөт. Мындан тышкары, билетке бир бекер кол жүгү кирет.

Автобус Бишкектен ар бир үчүнчү күнү чыкса, ал эми Москвадан жекшемби күндөрү чыгып турат.