Ысык-Көл: Сырт өрөөнүндөгү Жууку ашуусунда мөңгү көчтү

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Жууку ашуусунда мөңгү көчтү. Окуяны ошол аймакта жүргөн чет элдик туристтер видеого тартып алышкан.

Мөңгү көчкөн учурда ашууда Британия жана АКШдан келген тогуз турист, аларды коштогон кыргызстандыктар болгону айтылды. Баары аман-эсен экени кабарланды.

Видеонун автору Гарри Шимминкырсык болгон учурда бир кыз бутунан жаракат алып, Бишкекке жөнөтүлүп, дагы бири аттан кулап денеси көгөргөнүн «Спутник» басылмасына айтып берген.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы жерине райондук бөлүмдүн эки кызматкери жана жайыт комитетинен турган ыкчам топ кординациялоо иштерин жүргүзүү үчүн кеткенин билдирди.