Зордуктоого кабылган кызга жардам. Үч күндө жарым миллион сомдон ашуун каражат чогулду

Зордуктоого кабылган 13 жаштагы кызга колдоо көрсөтүү үчүн жарыяланган акцияда үч күндүн ичинде жарым миллион сомдон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу акцияны демилгелеген журналист Эркин Рыскулбеков билдирди.

Рыскулбековдун айтымында, өспүрүмгө АКШда жашаган кыргызстандыктар дагы каражат топтоп жатат.

«Үч күндүн ичинде карындашыбызга 682 миң 876 сом топтолду. Анын ичинен 50 миң сом кыздын атасына берилди. Калган каражатты кыздын эсебине которобуз. Андан тышкары, АКШдагы мекендештерибиз да акча топтоп жатышат», — деди ал.

Аны менен бирге, жабыркаган өспүрүмдү жеке менчик мектептердин бирине которуп окутуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Журналист Эркин Рыскулбеков 8-июлда Фейсбук аркылуу коомчулукка кайрылуу жасап, өспүрүм кызга колдоо иретинде «жардам акциясы» башталганын жарыялаган.

Мектеп окуучусунун милиция кызматкерлери тарабынан бир жылга жакын зордукталып жүргөнү тууралуу кабар коомдо кескин сынга кабылды. 8-июль күнү Ош жана Бишкек шаарларында өспүрүмдөргө карата зомбулукту токтотууну талап кылган митингдер өттү.

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков 10-июль күнү Инстаграм барагы аркылуу видео кайрылуу жасап, бийликтен 13 жаштагы кызды зордуктагандарды жазалоону талап кылды. Мындан сырткары, ал элди өспүрүмгө жардам берүүгө салым кошууга чакырды.

«Сөзсүз түрдө психологиялык, моралдык [колдоо көрсөтүү керек], дары-дармек, керек болсо азык-түлүк жетпей жатыптыр. Баарыңыздарды чакырам, баарыбыз биригип, өз салымыбызды кошуп, жардам берели», — деп Атабеков кыргызстандыктарга кайрылды.

13 жаштагы кызды зордуктоо иши

Жашы жете элек кыздын зордукталганы июлда белгилүү болгон. Бул иш боюнча Бишкекте соттук териштирүүлөр башталган.

Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Ал эми мектеп окуучусун зордуктоого айыпталган официант балага карата тергөө жыйынтыкталып, иштин материалдары сотко жөнөтүлдү. Бирок жабыркаган өспүрүм кыздын жакындары милиционерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетеби деп тынчсызданышууда.

Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.

Ошол эле күнү жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп жооп беришкен.

Бирок президенттин администрациясынын жообу активисттерди канааттандырган эмес, алар Жапаровдун өзү менен жолугууну көздөшөт.

Жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча муфтийдин мурдагы орун басары Кадыр Маликов билдирүү жасаган. Анын пикиринде, 13 жашар кыздын зордукталышы коомдун жана системанын деградациясы өтө терең экенин көрсөтүп турат.

Өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча кийинки сот отуруму 12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтөт.