«Бизди ким коргойт». Бишкекте аялдар жана балдарга карата зомбулукка каршы тынчтык митинги өттү

8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун имаратынын алдында аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотууну талап кылган митинг өттү. Ага 400гө чукул адам катышып, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Акцияга жарандык активисттер, укук коргоочулар жана шаар тургундары катышып, «Зордук-зомбулукка жол жок», «Педофилияны токтоткула», «Балдардан колуңду тарт», «Ниябеков отставкага кет» деген ураандарды кыйкырып турушту.

«Балдардын укукгун коргоо лигасынын» башысы Назгүл Турдубекова бийлик зордук-зомбулукту токтотууда кайдыгер мамиле жасап жатканын белгиледи.

«Түрмөдө отурган кызматкерлер зордукталган кыздын ата-энесин коркутуп жатышыптыр. “Алар үйүнөн көчүп кетүүгө аргасыз болду” деген дагы маалыматтар чыгып жатат. Эмне үчүн ИИМдин кызматкерлери барып, жабыркагандарды коргобойт? Бийлик тараптан кайдыгерлик болгон үчүн, күн сайын балдар жабыркап жатат. Соттук системаны реформа кылыш керек», — деди ал.

Митингдин дагы бир катышуучусу Свердлов райондук сотунун 16 жаштагы кызды зордуктаган айыпталуучуну сот залынан бошотуп жибергенине нааразы болду. Ал министр Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылды.

«Менин дагы кызым бар. Укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин 13 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган — айбанчылык. “Биз милиция кызматкерлерине ишенебиз” деп жүрсөк, бул жакта ушундай ишти жашырып жүрүшүптүр. Министр Улан Ниязбеков Айзаданын өлүмүнөн кийин эле кызматтан кетиш керек болчу. Андан бери жашырылып келаткан окуялар дагы бар. Өспүрүмдү зордуктаган зөөкүрлөрдү бүгүн бошотуп жиберишти», — деди ал.

Ушундай эле митинг бүгүн, 8-июлда Ош шаардык милициясынын имаратынын алдында өткөн. Ага 20дан ашык адам катышып, ички иштер министрлигинен 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышты.

Тема боюнча:

Сүрөт: Ошто аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы тынчтык митинги өттү

16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды камактан бошоткон судья отставкага кетти

Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда