Мирбек Атабеков бийликтен 13 жаштагы кызды зордуктагандарды жоопко тартууну талап кылды

Ырчы Мирбек Атабеков бийликтен 13 жаштагы кызды зордуктагандарды жазалоону талап кылды. Бул тууралуу ырчы Инстаграм барагы аркылуу видео кайрылуу жасады.

«Акыркы учурларда жалпы соц тармактарда зордук-зомбулукка кабыл болгон 13 жаштагы биздин мекендешибиз, карындашыбыз туралуу көп резонас пайда болуп жатат. Сөзсүз түрдө кылмышкерлер толук жазасын алып, жоопкерчилике тартылышын биз бийликтен, органдардан талап кылабыз», — деди ал.

Атабеков бул өңдүү окуяларга көз жумууга болбойт деп эсептейт.

«Ушундай нерселер болуп жатканда сөзсүз түрдө биз дагы биригип, мындай нерсеге жол бербешибиз керек. Канчалык көп эскертип, канчалык резонанс болуп, канчалык бийлик тараптан чечкиндүү кадамдар болсо, эч убакта мындай нерселер кайталанбайт деген толук ишенич бар. Себеп дегенде мындай нерселер айтылбаса, эскерилбесе зордук-зомбулукка барган педофилдер өз ишин кылып жүрө берет. Мындай нерсеге жол бербейли. Ушундай паразиттерди жоготушубуз керек», — деп белгиледи ал.

Атабеков кыргызстандыктарды жабыркаган кыздын үй бүлөсүнө жардам берүүгө да чакырды.

«Азыркы учурда карындашыбыз, карандышыбыздын үй-бүлөсү өтө начар абалда. Өзүңүздөр билесиздер, атасы мигрант болуп Орусияда иштейт экен. Апасы болсо бир аз сыркоолоп ооруйт экен. Сөзсүз түрдө психологиялык, моралдык [колдоо көрсөтүү керек], дары-дармек, керек болсо азык-түлүк жетпей жатыптыр. Баарыңыздарды чакырамын, баарыбыз биригип, өз салымыбызды кошуп, жардам берели», — деп Атабеков кыргызстандыктарга кайрылды.

13 жаштагы кызды зордуктоо иши

Жашы жете элек кыздын зордукталганы июлда белгилүү болгон. Бул иш боюнча Бишкекте соттук териштирүүлөр башталды.

Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Ал эми мектеп окуучусун зордуктоого айыпталган официантка карата тергөө жыйынтыкталып, иштин материалдары сотко жөнөтүлдү. Бирок жабыркаган өспүрүм кыздын жакындары милиционерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетеби деп тынчсызданышууда.

Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.

Ошол эле күнү жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп жооп беришкен. Бирок президенттин администрациясынын жообу активисттердин канааттандырган эмес, алар Жапаровдун өзү менен жолугушууну көздөшөт.

Жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча муфтийдин мурдагы орун басары Кадыр Маликов билдирүү жасаган. Анын пикиринде, 13 жашар кыздын зордукталышы коомдун жана системанын деградациясы өтө терең экенин көрсөтүп турат.

Өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча кийинки сот отуруму 12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтөт.