Ош шаардык ооруканасына жаткырылган 178 баланын жарымы ич өткөк илдетине чалдыккан

Ушул тапта Ош шаардык балдар ооруканасында дарыланып жаткан 178 баланын жарымы ич өткөктөн улам жаткырылгандар. 3 өспүрүмдүн абалы оор. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Бакай Акматов«Клоопко» билдирди.

Акматовдын айтымында дене табы көтөрүлүп, кусуп, ичи өтүп ооруканага алып келинген балдардын арасында өтө оор абалда, жандандыруу бөлүмүндө жаткандары да бар.

«Бир күндө 50 бала ооруканага түшсө, 30у ичи өткөндөр. Дагы ушунча баланы айыктырып үйүнө чыгарып жатабыз. Оор абалдагы үч 3 өспүрүм жандандыруу бөлүмүндө. Өпкө оорусу, тубаса жүрөк кемтиги жана башка өнөкөт оорусу барларда бул оору өтө оор өтөт» — деди Акматов.

Дарыгер мөмө-жемиш бышкан убакта тазалык эрежелерин сактоого өзгөчө маани берүү керектигин баса белгилеп, көчөдөн туруп калган тамак-аштарды сатып алуудан карманууга чакырды.