УКМК: Бишкекте айт намаз учурунда теракт уюштурууну көздөгөндөр кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Бишкекте теракт пландаштырып жаткан чет өлкөлүк эки жаранды 7-июлда кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон кармалгандар эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү экенин, алар Сириядан жасалма паспорт менен келишкенин белгилешти. Атайын кызматтан ошондой эле аларга көмөктөшкөн кыргызстандыктар да кармалганын кошумчалашты. Бирок УКМК канча адам кармалганын тактаган жок.

Коопсуздук комитетинен кармалгандар Сириядагы согуш зонасында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөндүгү тууралуу «төгүндөлгүс далилдер» алынганын билдиришти.

«Согушкерлердин Кыргызстандагы милдеттеринин бири үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда айт намазда террордук актка даярдануу болуп, алар борбордук аянтка жакын батирди ижарага алып, ошол жерден чалгындоо иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган», —деп айтылат маалыматта.

УКМК бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады. Кармалгандар УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.