Милиция борбор калаада жерде жаткан адамды тепкилеп сабагандарды издеп жатат

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы I-Mall соода борборунун жанында кишини сабаган шектүүлөр изделип жатканын билдирди.

Милициядан билдиришкендей, 12-июлда түнкү саат 3:20 чамасында милицияга соода борбордун жанында белгисиз эркек кишилер мушташып жатат деген маалымат түшкөн.

Көп өтпөй эле 12-июлда Интсграмдагы black_list.kg барагына окуянын видеосу чыгарылган. Видеодон беш киши жерде жаткан адамды сабап жатканын, аны бир кыз денеси менен тосуп коргоп жатканын, дагы бир кыз жерде отурганын көрүүгө болот. Андан кийин беш киши окуя болгон жерден качып, сабалган адам менен эки кыз ошол жерде калган.

Эскертүү! Видеодо зомбулуктун кадрлары жана сөгүнгөн сөздөр бар. Эгер тасма сизге терс таасир этет деп ойлосоңуз, көрбөй эле койгонуңуз дурус.

Милициядан маалымат келип түшөрү менен жерине укук коргоо органдын кызматкерлери жөнөп кетип, ал жерден эч кимди таппай койгонун билдиришти.

Аталган факт Ленин РИИБнин маалыматты каттоо журналына киргизилип, тергөөгө чейинки амалдар башталды. Учурда милиция шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.