Полковник Тимур Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин аталган кызматта турган генерал-майор Бекбосун Апсатаров «башка кызматка өткөнүнө» байланыштуу жумуштан кеткен.
УКМКдан буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун белгилешти. Бирок, президенттин сайтына бул тууралуу маалымат жарыяланган жок.
Айрым басылмалар Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткени тууралуу 5-июлда өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан. Бирок бул маалыматты атайын кызматтан да, президенттин басма сөз кызматынан да тастыкташкан эмес.
Бул кызматка Апсаттаров 2020-жылдын октябрь айында ошол кезде Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда дайындалган болчу. Ошол эле күнү Жапаров УКМКнын төрагасы кылып досу Камчыбек Ташиевди дайындаган.
Тимур Шабданбеков деген ким?
Тимур Шабданбеков 48 жашта. Ал Бишкек шаарында төрөлгөн. 1996-жылы Бишкектеги Ички иштер министрлигинин жогорку мектебин аяктаган. Полковник аскердик чини бар.
Шабданбеков эмгек жолун 1999-жылдан тартып УКМКнын ар кайсы кызматында иштеп баштаган. Ал УКМКга караштуу Коорупцияга каршы кызматында да эмгектенгени белгилүү.
2019-жылы Шабданбеков ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары жана атайын кызматка караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси болуп иштеген.