Майыптыгы бар 13 жашар кызды зордуктагандар иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу бошотулду

13-июлда Бишкек шаардык соту майыптыгы бар 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган эки адамды күнөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбук барагында билдирди.

Бирок, Турдубекованын айтымында, күнөөлүүлөр «кылмыштын мөөнөтү эскирип кеткендиктен» абак жазасынан кутулуп кеткен. Алардын ар биринен жабырлануучунун пайдасына моралдык зыян үчүн болгону жүз миң сомдон кенемте өндүрүлгөн.

«Сот жети жылга созулган. Иш Сокулук, Чүй, Жогорку жана Бишкек шаардык сотторунда каралган. Сот далилдер жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары көрсөтүлгөнүнө карабастан содуктурулган. Бул кылмышкерлер жазадан кутулуп кетиш үчүн атайын кылынган деп эсептейм», — деп жазды Турдубекова.

Беш айылдашы тарабынан зордук көргөн кыздын иши 2015-жылдын майында козголуп, 7 жылга созулуп кеткен.