Садыр Жапаров: Саясий оюндар менен эмес, экономика менен алектене турган жылдар келе жатат

Бүгүн 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат. Анда аткаруу бийлиги 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери тууралуу отчёт бериши керек.

Президент иштин жыйынтыгын чыгаруу «арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга» негиз болуп берерин белгиледи.


«Азыр уктап жатчу мезгил эмес. [...] Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк, шайлоолорду өткөрдүк, Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык. Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептесек болот, эми мындан ары саясий оюндар менен эмес, экономика менен алектене турган жылдар келе жатат», — деди Жапаров.


Мамлекет башчысы ага арызданып кайрылган жарандар көп болуп жатканын дагы айтты. Ошондуктан ал бир катар региондордун жетекчилерин баяндама жасоого даярдана берүүгө чакырды.