«Лотерея шарттарын бузган». Мамлекеттик салык кызматы эки жеңүүчүнүн байгесин жокко чыгарды

Лотереянын жеңүүчүлөрү. Сүрөт Салык кызматынын Фейсбук барагынан алынды.

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утап ал!» лотереясындагы биринчи утуштун эки байгесин жокко чыгарды. Ага жеңүүчүлөрдүн лотерея шарттарын бузганы себеп болду.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда микротолкундуу меш утуп алган Бекмырза Улугбеков лотереяга катышуу үчүн өзү башкы бухгалтер болуп иштеген уюмдун ККМ кассалык чектерин сканерлеп койгону аныкталды.

Улукбековдун үч билети байгелүү болуп чыккан. Шартка ылайык, анын кийинки эки утушу лотерея системасы тарабынан автоматтык түрдө жокко чыгарылды.

Ал эми iPhone 13 утуп алган Рызвангүл Хашимова башка мамлекеттин жараны экени аныкталды. Ал лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесине мөөнөтү өтүп кеткен паспортунун жеке номери аркылуу катталган.

Лотереянын шартына ылайык, берилбеген байгелер 1-октябрда боло турчу экинчи турдагы байге фондуна өтөт.

Салык кызматы лотерея толугу менен ачык жана чынчыл өтүп жатканын айтып, жарандарды оюнга катышууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи утушу үстүбуздөгү жылдын 1-июлунда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн. Анда 52 байге ойнотулган.

Лотереянын экинчи утушу 2022-жылдын октябрь айында болот. Ага 2022-жылдын 1-июлунан тартып 30-сентябрына чейин катталган кассалык чектер, ошондой эле лотереянын биринчи турунда утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.

Лотереянын талабына ылайык, катышуучу 18 жаштан жогору, жарактуу паспорту бар Кыргызстандын жараны болууга тийиш. Ошондой эле, катышуучунун пайда алуу менен байланышпаган жеке муктаждыгы үчүн гана товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган же пайдаланган керектөөчү болуусу кажет.